AVN







Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү
 May 15, 2018  1016

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында 2018-жылдын 12-майында ЖАМУнун Медициналык колледжинде Х - предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданы Медициналык колледждин директору Азизбү Адышева ачты жана ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору Курманбек Сарманович Алыбаев предметтик олимпиаданын тарыхы, өткөрүүнүн максаты, милдеттери жана билим берүү процессиндеги орду жөнүндө токтолду. Студенттик олимпиадага ЖАМУнун Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Т.Бекболотов атындагы Аксы, Кара-Көл жана Медициналык колледждеринин жетекчилери, предметтик окутуучулар жана колледждердин деңгээлинде   өткөрүлгөн олимпиадалардын II-турунун жеңүүчүлөрү эсептелген 80ден ашык студент катышты. Студенттер  11 предмет боюнча 9-жана 11-класстын базасында күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр университеттин дипломдору менен сыйланышты.

Олимпиадада 11-класстын базасында Жалал-Абад колледжинин студенттери Маматкулов Данияр (информатика), Рыскул уулу Адилет (экономика), Ташбаева Тахмина (математика), Медициналык колледждин студенттери Хажамкулова Дилноза (орус тили), Айбек кызы Айдана (тарых), Акбарова Мафтуна (чет тили), Кочкор-Ата колледжинин студенти Юсупжан кызы Таңсулуу (кыргыз тили), Аксы колледжинин студенти Мырзавахит кызы Динара (педагогика) жана  9-класстын базасында  Жалал-Абад колледжинин студенти Абидинова Айсулуу (орус тили), Искендерова Айпери (биология), Дөөлөтбекова Малика (математика),  Кочкор-Ата колледжинин студенттери Сапаралы кызы Нуриза (физика), Манапов Тимурбек (тарых), Юнусалиева Камила (чет тили), Аксы колледжинин студенттери Панарбек кызы Айкөл (химия), Шеримбекова Альбина (кыргыз тили) катышуучулардын арасында өзгөчөлөнүп биринчи орунду жеңип алышты.

 

ЖАМУнун Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында өткөрүлгөн Х-предметтик олимпиаданын жыйынтыгы:

Колледждердин аталышы

1-орун

2-орун

3-орун

жалпы

1

Жалал-Абад колледжи

6

4

5

15

2

Кочкор-Ата колледжи

4

6

3

13

3

Т.Бекболотов атындагы Аксы колледжи

3

2

3

8

4

Медициналык колледж

3

1

1

5

5

Майлуу-Суу колледжи

-

3

1

4

6

Кара-Көл колледжи

-

2

3

5

  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү