AVN

ПРОФЕССИОНАЛДЫК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

ПРОФЕССИОНАЛДЫК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
 May 12, 2018  948

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасынын Х-1-15 группасынын студенттеринин катышуусунда  7-май күнү профессионалдык-базалык   практиканын жыйынтыктоочу   конференциясы болуп өттү.

Жалал-Абад шаарынын мектептеринде жана Сузак районунун мектептеринде практикасын өтөп келген студенттер практика учурундагы кездешүүчү жагымдуу жагдайлар жана көйгөйлөр боюнча  пикир алмашышты. Алар практика  учурунда өткөн сабактарынан  кыскача фрагметтерди өтүп беришти. Практика жетекчилери Н.Жолдошалиева, Н.Маматураимова жана М.Сатканкулова

 практиканын жүрүшү жана  андагы студенттердин иш аракеттери боюнча отчет беришти. Студенттер тарабынан уюуштурулган бул конференция жогорку денгээлде өткөндүгүн кафедра башчысы доцент Н.Б.Арстанбекова өз сөзүндө билдирип кетти. Конференциянын жыйынтыгы менен “Эң мыкты ачык сабак”  диплому менен Якубжанова Мухлиса жана  Шамшидинова Шоира сыйланса, ал эми “Эң мыкты тарбиялык саат” диплому менен Токтосунова Айжамал жана Номанжанов Хожиназар сыйланышты.

  • ПРОФЕССИОНАЛДЫК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ