AVN







“JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ

“JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
 May 10, 2018  837

Барпы театрында 7-май күнү Тамашоу Жалал-Абад филиалынын 5-сезонунун финалдык туру болуп өттү.

Оюнда жалпысынан финалга өткөн командалар катышып, Ош шаарынан «Ошолор» командасы да келишти.

Финалдык оюнда төмөндөгү үч шарт аткарылды.

1) Разминка

2) Биатлон

3) Фристайл

Аталган шарттарды мыкты аткаргандыгы үчүн ЖАМУнун «JASU star’s» командасы 5-сезондун финалдык турунда жеңүүчү деп аныкталды.

«Биз бул оюнга 20-апрелден бери даярданып келгенбиз. 5-сезондун жарым финалынын да жеңүүчүсү болгонбуз. Бүгүн да кудай буйруп финалдык оюндун жеңүүчүсү болуп турабыз. Ийгилик-бул чокудагы олжо. Биз ошол олжону өз аракетибиз менен багынттык. Биз «JASU star’s» командасы ар бириңиздер үчүн ойнойбуз жана күлкү тартуулоого даярбыз» — дейт жеңүүчү команданын оюнчусу — Бекмамат Момунов.

Ал эми финалдык оюндун жеңүүчүлөрү Бишкекте ойнолчу Тамашоу оюнуна Жалал-Абаддын намысын коргоп катышат.

«Биз болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Биздин максат, Жалал-Абаддын жашоочуларына күлкү тартуулоо менен биздин областтан ишенимди актай турган күчтүү команда чыгаруу. Бүгүн финалдык оюнда «JASU star’s» командасы жеңүүчү болуп жыйынтыкталды. Кудай буйруса сентябрдан тартып, чоң масштабдык деңгээлде өткөргөнгө аракет кылабыз. Андан соң эң мыкты оюнчуларды тандап бир курама команда түзүп, Бишкекке алып барабыз» — дейт, Тамашоу Жалал-Абад филиалынын жетекчиси Кубанычбек Төлөмырзаев.

  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ
  • “JASU STARS” 5-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ