AVN

“ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЛУБУ 5 ЖАШТА

“ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЛУБУ 5 ЖАШТА
 May 10, 2018  1047

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 8-май күнү 2018-жыл — Региондорду өнүктүрүү жылына, ЖАМУнун түптөлгөнүнө 95 жылдыгы жана университет болуп түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына, Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына, «Даанышман» интеллектуалдык оюнунун 5 жылдыгына арналган факультеттерде жана колледждерде окуган студенттер арасында «Даанышман» интеллектуалдык оюну өттү.

Оюнга жалпысынан 7 команда катышып, 6 категориянын негизинде таймашышты. Оюндун жыйынтыгында Табигый-техникалык факультетинин «Ойчулдар» командасы Ректордун кубогунун ээлери болушту.

«Интеллектуалдык оюндун максаты, ЖАМУнун студенттеринин сергек жашоо образын калыптандыруу, маданий, эстетикалык, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү; студенттер арасында ынтымакты, достукту чыңдоо; аларды так жана жыйынтыктуу ойлоно билүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат. Оюн жалпысынан 6 категориянын негизинде өттү. Катышуучулар өз билимдерине жараша сыйланышты. Ал эми «Даанышман» интеллектуалдык клубу боюнча айтсам быйыл бул клубдун түзүлгөнүнө 5 жылдын жүзү болууда. Ушул жылдардын аралыгында студенттерибиздин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө өз салымыбызды кошуп келүүдөбүз»- дейт «Даанышман» интеллектуалдык клубунун жетекчиси Алина Каныбек кызы.

  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЛУБУ 5 ЖАШТА