AVN







“ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ БОЛДУ

“ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ  БОЛДУ
 May 10, 2018  894

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жүрүшү болду. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, проректорлору, декандары, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

    Жөө жүрүш  “Байэль” базарынан “Жеңиш” эс алуу багына карай болду. ЖАМУнун жалпы жамааты жана студенттер кандуу апаатта курман болгон чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, эс алуу багындагы өчпөс отко гүл чамбарларды коюшту.

   Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы кайтпай калган. Азыркы тапта фронтто согушкан 7 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке эмгеги менен салым кошушкан 8 ардагерлер калды.

  • “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ  БОЛДУ
  • “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ  БОЛДУ
  • “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ  БОЛДУ
  • “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ  БОЛДУ
  • “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ  БОЛДУ