AVN







ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ

ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
 May 8, 2018  1212

Филология факультетинин “Англис тили жана адбияты” кафедрасынын улук окутуучусу Л.С.Кочкорбаева тарабынан 8-майда 1-курстун студенттерине Академиялык жазуу курсу боюнча кайталоо таймаш сабагы өткөрүлдү.

Ага факультеттин усулдук кеңешинин жетекчиси Келдибаева Роза жана кафедранын окутуучулары катышышты. Улук окутуучу Кочкорбаева Лайликандын айтымнда таймаш сабагынын планы  ушул курстун буга чейин өтүлгөн материалдарын толук камтыган тапшырмалар менен түзүлгөн. Ошондой эле заманбап усулдар, ыкмалар, оюндар менен сабак өткөрүлгөн Мындай окууну уюштуруунун максаты, студенттердин жазуу ишин жогорулатуу жана алардын чет тилинде чыгармачылык менен иштеп, өздөрүнүн түшүнүгүн концептуалдык диаграммалардын негизинде чагылдыруусун өркүндөтүү – деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай  ар бир өтүлгөн темалар слайддар аркылуу түшүндүрүлгөн. Натыйжада ЧТ-1-17 тайпасынын студенттери 1-орунду, ЧТк-1-17 тайпасы 2- орунду, ЧТк-2-17 тайпасынын студенттери 3-орунга ээ болушту.  

  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР МЕНЕН САБАК ӨТҮЛҮҮДӨ