AVN







ПРАКТИКАНЫН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ СУНУШТАЛУУДА

ПРАКТИКАНЫН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ СУНУШТАЛУУДА
 May 8, 2018  821

Жалал-Абад колледжинин “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн,  «Электр менен жабдуу» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы 8-май күнү болуп өттү.

Конференцияга бөлүм башчы  Нарымбетов   Талант,  ЖАКтын практика бөлүмүнүн башчысы Мамбетова Мирагүл , “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн  практика жетекчиси Эмилова Гулнара ошондой эле өндүрүштөн «Жалал-Абад электро» ачык акционердик коомунун «Окуу борборунун» башчысы Кочкорова Гулжан жана “Электр менен жабдуу адистигинин окутуучулары катышты.

Анда студенттер практика учурунда аткарган иштерин  слайд аркылуу тааныштырышты.  Практикада өз ишин мыкты аткара алган  студенттерди Сузак  РЭТинин  Кара-Дарыя  УЭСке Насиров Бекболотду ал эми   Абдувохобов  Нуртилек менен Джумабаев Нурдинди - Жалал-Абад РЭТке жумушка алып калууну аталган ишканалардын жетекчилери  билдиришти.

Жыйынтыгында алыскы райондордон келген студенттер өздөрү  туулуп өскөн жерлерде жайгашкан ишканаларга практикага жөнөтүүнү, андан сырткары практиканын мөөнөтүн узартууга сунуш киргизишти.

Эске салсак мамлекеттик практиканы өтөө мөөнөтү 6 жума берилет. Быйылкы окуу жылында «Электр менен жабдуу» адистигин 53 студент аяктайт.

  • ПРАКТИКАНЫН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ СУНУШТАЛУУДА
  • ПРАКТИКАНЫН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ СУНУШТАЛУУДА
  • ПРАКТИКАНЫН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ СУНУШТАЛУУДА