AVN







АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ

АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ
 May 8, 2018  739

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 7-май күнү “Аялзат” фольклордук тобунун концерти болду. Концерт аймактарды  өнүктүрүү жылына карата уюшулган.

     “Аялзат” фольклордук тобу жаштарга арнап, концерттик программада унутта калган ыр-бийлерди  аткарышды.  Фольклордук тобунун жетекчиси Анаркүл Машаева: - Жаштар биздин келечегибиз, аларга туура тарбия берип, келечекке жакшы багыт берүү менен гана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзө алабыз. Азыркы муун жылдар өтүп, убагы келгенде биздей эне, чоң апа болушат. Ошондо өз балдарына татыктуу тарбия берип, кыргыздын кылым карыткан салт-санаасын колдоно билүүсү абзел. Ар дайым акыйнек айтышып, коомчулукту сөз менен тарбиялоого аракет кылып келебиз. Анткени кыргыз элинин макал-лакап, учкай  сөздөрүндө философиясы терең, тарбиялык мааниси зор сөздөр камтылган  – дейт Машаева.

    Эске салсак, “Аялзат” фольклордук тобу 2009-жылы түзүлүп, анын курамында 14 айым ырдап келет. Апалардын алды алтымыштан ашып калса, сексенге сереп салгандары да бар.

  • АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ
  • АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ
  • АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ
  • АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ
  • АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ
  • АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ
  • АПАЛАРДАН ТАРБИЯЛЫК КОНЦЕРТ