AVN







Жумуш берүүчү – Студент – Окутуучу

Жумуш берүүчү – Студент – Окутуучу
 Apr 20, 2017  1042

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  «Жумуш берүүчү – Студент – Окутуучу”  иш чарасынын алкагында  Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономикалык билим берүү” кафедрасы тарабынан  “Мен сүйгөн кесип!” аталыштагы тегерек стол 2017-жылдын 29-мартында өткөрүлдү. Тегерек стол ЖАМУнун АТФ корпусундагы китепканасында  өтүп, ага бүтүрүүчү тайпалардын студенттери, чакырылган жумуш берүүчүлөр  жана профессордук-окутуучулар жамааты  катышты. Атайын түзүлгөн программага ылайык, алгач чакырылган жумуш берүүчүлөр сөз сүйлөштү: “Айыл-Энерго” ЖАКдун директору Н.Ормонов, Улуттук Банктын төрагасынын орун басары А.Орозов, шаардык салык инспекциясынын бөлүм башчсы Т.Тайлаков, шаардык каржы башкармалыгын башчысы А.Раматиллаев жана “Дос-Инвест” камсыздандыруу компаниясынын башчысы А.Шахабидиновалар өз мекемелери тууралуу маалымат беришти. Ал эми, бүтүрүүчүлөр кызыккан суроолорун беришип, тиешелүү жоопторун алышты. Бүтүрүүчүлөр тарабынан даярдалган  чакан-концерттик программа катышуучулардын маанайын көтөрдү. Белгилей кетсек, тегерек стол кафедранын окутуучусу Мейманбү Акжолова тарабынан демилгеленип, кафедранын жамааты жана БЭк-1-13 тайпасынын бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.