AVN







СТУДЕНТТЕР БИЛИМДЕРНИН ТЕРЕҢДЕТҮҮДӨ

СТУДЕНТТЕР БИЛИМДЕРНИН ТЕРЕҢДЕТҮҮДӨ
 May 7, 2018  835

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасындагы “Социалдык иш” адистигинин 4-курсунун СК-1-14 тайпасынын студенттерине Квалификация алдындагы практикасын өтөп келгенден кийинки жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.    Конференциянын жүрүшүндө бүтүрүүчү студенттер практика өтөгөн мекемелери боюнча тайпасы менен чыгышып, отчет, күндөлүктөрүн тапшырышып коргошту. Алар көргөзмө курал, буклет, слайд менен даярдаган материалдарын, ошондой эле квалификациялык ишине практика учурунда топтогон маалыматтары менен да тааныштырышты.

Студенттер квалификациялык практикасын өтөө үчүн алдын ала ЖАМУнун ректору менен келишимдер түзүлгөн мекемелер: Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык мэриясы, Сузак райондук социалдык фонд башкармалыктарында өтөштү.

Практикалык жыйынтыктоочу конференцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Өндүрүштүк практика бөлүмүнөн Бабакулова Чынара, кафедра башчысы Токтогулова Гүлжамал, окутуучулар Жолдошева Нуржамал, Кожоназарова Ырыскүл, Молдоказиева Гулзат ж.б. катышышты.

Квалификациялык практиканын максаты теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу билимдерин тереңдетүү жана квалификациялык ишке зарыл болгон маалыматтарды жыйноо.

  • СТУДЕНТТЕР БИЛИМДЕРНИН ТЕРЕҢДЕТҮҮДӨ
  • СТУДЕНТТЕР БИЛИМДЕРНИН ТЕРЕҢДЕТҮҮДӨ