AVN







ЗАМАНБАП БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАСАҢ ЖАМУГА КЕЛ

ЗАМАНБАП БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАСАҢ  ЖАМУГА КЕЛ
 May 7, 2018  978

Экономикалык – юридикалык факультетинин “Юриспруденция” багытынын профессордук-окутуучулук курамы 2018-2019-окуу жылдары үчүн абитуриенттерди кабыл алуу боюнча профориентация иштерин Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаары жана Сакалды , Чоң-Багыш, Аримжан  айылдарындагы орто мектептерде жүргүзүп келишти.

Алар Н.Исанов атындагы жатак-гимназия, №12 Ж.Султанов, №10 К.Абдыразаков, жана №9 Паяз атындагы орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, ЖАМУдагы даярдалган адистиктер жана жаңы окуу жылына кабыл алуу боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетишкендиктерин, студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү кенен айтып беришти.

Эске салсак биз юриспруденция багытындагы адистерди даярдайбыз, ага тапшыруу үчүн аттестат, жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы, медициналык тактама, 3х4 өлчөмүндөгү 8 даана сүрөт жана паспорттун көчүрмөсү керектелет. Ал эми окуу акы келишимдик негизде төлөнөт – деп билдирди Б. Алымкулов.

  • ЗАМАНБАП БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАСАҢ  ЖАМУГА КЕЛ
  • ЗАМАНБАП БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАСАҢ  ЖАМУГА КЕЛ
  • ЗАМАНБАП БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАСАҢ  ЖАМУГА КЕЛ
  • ЗАМАНБАП БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАСАҢ  ЖАМУГА КЕЛ