AVN







ТАБИГАТ МЕНЕН ТАТТУУ МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ

ТАБИГАТ МЕНЕН ТАТТУУ МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ
 May 7, 2018  800

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” адистигинин Х-1-17 группасынын студенттери "Таза университетим" атту акцияны улантышууда деп билдирди группанын куратору Н.Жолдошалиева.

    Аталган акция март айында башталган, ошол учурдан бери ар ишемби студенттер ишембилик уюштуруп, өздөрүнө бөлүнгөн територияны тазалашууда. Табигат менен туура мамиледе болуп, ага аяр мамиле жасоо учурдун талабы. Анткени, биз дем алып жаткан абаны бак-дарактар, өсүмдүктөр тазалап турат. Келечегибиз жана ден соолугубуз үчүн кам көрүп, калктын социалдык өнүгүүсүнө салым кошо алабыз деген оюн кошумчалады куратор.

   Ал эми Х – 1-17 тайпасында жалпы 17 студент билим алат.

  • ТАБИГАТ МЕНЕН ТАТТУУ МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ
  • ТАБИГАТ МЕНЕН ТАТТУУ МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ