AVN







ХИМИКТЕР ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ Б.М.БОРКОЕВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯГА ТАТЫКТУУ БОЛУШТУ

ХИМИКТЕР ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ Б.М.БОРКОЕВ  АТЫНДАГЫ  СТИПЕНДИЯГА ТАТЫКТУУ БОЛУШТУ
 May 4, 2018  1137

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдыгына арналаган “Күчтүү университет – өнүккөн регион – кубаттуу өлкө” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияда окуудагы мыкты жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн “Химия” адистигинин студенттери Шокиржан кызы Мухаё жана Акылбекова Айзада Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору, ЖАМУнун Ардактуу профессору Б.М.Боркоев  атындагы  стипендияга ээ болушту.

         Профессор Б.М.Боркоев атындагы жекече стипендиянын максаты – окууда, коомдук иштерде  активдүү катышкан студенттерди материалдык жактан колдоо жана дем берүү болуп эсептелет.

         Стипендия жыл сайын 3-курстун  эки студентине 50 доллар өлчөмүндө профессор Б.М.Боркоевдин эсебинен берилип турмакчы.

         Профессор Б.М.Боркоев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Химия” кафедрасынын башчысы, илимий иштер боюнча проректор, окуу иштери боюнча проректор болуп  эмгектенген жана ЖАМУнун өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Учурда Кыргыз-түрк “Манас” университетинин “Химиялык инженерия” кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет.

  • ХИМИКТЕР ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ Б.М.БОРКОЕВ  АТЫНДАГЫ  СТИПЕНДИЯГА ТАТЫКТУУ БОЛУШТУ
  • ХИМИКТЕР ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ Б.М.БОРКОЕВ  АТЫНДАГЫ  СТИПЕНДИЯГА ТАТЫКТУУ БОЛУШТУ