AVN







ЖАМУга окууга үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө...

ЖАМУга окууга үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө...
 May 4, 2018  699

Филология факультетинин “Кыргыз тили” кафедрасынын окутуучусу Каленбекова Гүлбарчын жана “Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика”  кафедрасынын окутуучусу Адыкулова Айчүрөк 2018-2019-окуу жылдары үчүн абитуриенттерди кабыл алуу боюнча профориентация иштерин Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Жашасын, Кызыл-Сеңир, Талаа-Булак жана Алмалуу айылдарындагы орто мектептерде жүргүзүп келишти.

Алар №58 Ж.Маматжанов, №76 А.Матиев, №79 П.Жуманазаров, №31 Ы.Чанаков жана К.Төрөмаматов атындагы орто мектептеринин  бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, окуу жай даярдап чыгаруучу адистиктер, быйылкы окуу жылындагы кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр боюнча маалыматтарды беришти. Ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетишкендиктерин, студенттер үчүн көрүлгөн шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү кенен айтып беришти.

  • ЖАМУга окууга үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө...
  • ЖАМУга окууга үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө...
  • ЖАМУга окууга үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө...
  • ЖАМУга окууга үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө...