AVN







ЖАМУ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) биргелешип иштешүүдө

ЖАМУ жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) биргелешип иштешүүдө
 May 3, 2018  790

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 27-апрелде Ала-Арча  Мамлекеттик Резиденциясында интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүнө карата салтанаттуу жыйын өткөрдү.

         Жыйында Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова чыгармачыл эмгеги жаңычылдык, ойлоп табуучулук, адабият жана искусство менен байланышкан чыгармачыл адамдарды, ошондой эле эмгек жамаатын Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын түзүлүшүнүн 25 жылдыгы менен куттуктады.

         Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө вице-премьер министр “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Сыйлыктардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, т.и.д. Абдиумаматкадыр Аширалиевге Электр энергиясын үнөмдөө максатында окуу корпусун жылытуу үчүн ысытылган суунун буусу менен жылытылган казандын жаңы принцибин жайылтуу долбоорун ишке ашырууга грант алууга сертификат тапшырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук ишмердикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн т.и.к., доцент  Асилова Зульфия Атамырзаевна жана окутуучу Асанова Согдиана Грамоталар жана акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты.

  • ЖАМУ жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) биргелешип иштешүүдө