AVN







ЖАМУ ЖАШТАРДЫ КЕЛЕЧЕККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ

ЖАМУ ЖАШТАРДЫ КЕЛЕЧЕККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ
 May 2, 2018  1400

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык юбилейине карата медицина факультетинин “Медициналык-биологиялык дисциплиналар” кафедрасынын окутуучулары “Дарылоо иши” адистигинин студенттери менен биргеликте «ЖАМУ жаштарды келечекке жетелейт» аттуу темада конференция өткөрүштү.

Конференцияда, ЖАМУ жогорку окуу жайлардын арасында өзүнүн тарыхы бар, улуттук уникалдуу рухий баалуулуктарга ээ болгон, педагогикалык маданий салттары бар облустагы эң алгачкы окуу жай экендиги жөнүндө баяндамалар студенттер тарабынан окулду.

Ошондой эле кафедра башчысы Б.К.Эрназарова ЖАМУ билим берүү, илимий жана инновациялык ишмердүүлүктү калыптандырууда туруктуу өнүгүүгө ээ болгон университет экендигин жана университеттин ачылышы аймактагы көп улуттуу элдердин уул-кыздарынын, жалпы эле илим-билимге ынтызар жаштардын жогорку билимге жетишүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп бергендигин баса белгиледи.

Кафедранын окутуучулары тарабынан жасалган презентацияны Асанова Согдиана чет элдик студенттерге ЖАМУнун сыймыктарын жана сыйлыктарын ошондой эле жетишкендиктерин чет тилинде презентациялап берди.

Конференцияда студенттер тарабынан ЖАМУну даңктаган көрүнүштөр тартууланып, ырлар, каалоолор айтылды.

Ал эми алдыңкы активдүү студенттерге Эл аралык деңгээлде өткөн илимий конференцияга катышып ээ болгон дипломдору жана сертификаттары тапшырылды.

  • ЖАМУ ЖАШТАРДЫ КЕЛЕЧЕККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ
  • ЖАМУ ЖАШТАРДЫ КЕЛЕЧЕККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ
  • ЖАМУ ЖАШТАРДЫ КЕЛЕЧЕККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ