AVN







АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ

АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ
 May 2, 2018  878

Жалал-Абад        мамлекеттик  университетинин  Медициналык  факультетинин «Фармация» кафедрасы 28-апрелде “Антибиотиктер” темасында тегерек үстөл болуп өттү.  Тегерек үстөл  аталган кафедранын окутуучусу Т.Ж.Жусубалиев тарабынан уюштурулган. Мындай маалыматты кафедра башчысы Жылдыз орозбаева билдирди.

   Ага  профессордук-окутуучулар курамы, “Неман” фирмасынын өкүлү Абдрахманова Гулназ, Караганда шаарынан келген коноктор  Ph.D. доктору Ш.С.Бегалиев, фармациянын профессору, доцент, Абдуллабекова Раиса, фармация адистигинде окуган студенттер катышты.  Иш чаранын катышуучуларына  антибиотиктер жөнүндө  кыскача маалымат берилип, акыркы жарым  жылда ким антибиотик кабыл алган жок  деген сууроо узатылды. Учурда жарандардын көпчүлүгү  антибиотик кабыл аларын  айтышты, ал сөздөргө  толуктап студенттер антибиотиктер жөнүндө даярдап келген слайдты презентациялады ,азырыкы мезгилде  бир гана аптекадан эмес а түгүл тамак-ашка колдонуп жаткан бардык мөмө  жемиштерде антибиотик бар экендигин түшүндүрүп ,антибиотиктердин адам баласынын ден соолугуна канчалык зыян келтиргендиги,аптекаларда кардарларга дарыгердин  жолдомосу, рецепти жок эле антибиотиктер сатылып жаткандыгын айтып өтүштү.

    Абдуллабекова Р.М.  өз сөзүндө  бул маселе Казакстан мамлекетинде да  актуалдуу көйгөй  экендигин айтып өттү.

«Неман» фирмасынан келген өкүл  Абдурахманова Гулназ аталган аптекада дарыгерлердин  рецепти жазылган кагаз аркылуу дары-дармектерди сатып жаткандыгын белгиледи. Түштүк Кореяда дарыгердин көзөмөлүсүз  аптекаларда дары-дармектер сатылбайт,эгер мыйзам бузулуулар болсо ошол аптеканын лицензиясын алып койуусу ишке ашырылат – деп кошумчалады ал.

  • АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ
  • АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ
  • АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ
  • АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ
  • АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ
  • АНТИБИОТИКТЕРДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ