AVN







ЖАМУДА ЗАМАНБАП ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

ЖАМУДА ЗАМАНБАП ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ
 Apr 28, 2018  990

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде акыркы үлгүдөгү футбол аянтчасы курулуп, ачылыш аземи болуп өттү.

   Буга чейин окуу жайда атайын футбол аянтчасы жок болгондугуна байланыштуу, бир нече жылдан бери бош турган жер аянтчасына үстү жабык футбол ойноочу жай  курулду.  Бизде билим алып жаткан жаштардын арасында спорттун бул түрүнө кызыккандар арбын.  Республикада спорттун бул түрү өнүгүп жакшы көрсөткүчтөргө чыгууда. Андыктан биз да бул тармакка кызыккан жаштарыбызды колдоо максатында шарт түзүүдөбүз деген оюн окуу жайдын ректору Кенешбек Усенов ачылыш учурунда билдирди.

    Ал эми ачылыш аземи окуу жайдын түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык юбилейине туш келип, ага келген делегациянын катышуусу менен орун алды. Ошондой эле ЖАМУда билим алып жаткан бир катар чемпион спортчуларга атайын спорттук формалар  ректор тарабыянын тапшырылды.

  • ЖАМУДА ЗАМАНБАП ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА ЗАМАНБАП ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА ЗАМАНБАП ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА ЗАМАНБАП ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА ЗАМАНБАП ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ