AVN







СТУДЕНТТЕР ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУДА

СТУДЕНТТЕР ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ  БОЛУУДА
 Apr 24, 2018  836

ЖАКтын  “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин бүтүрүүчү БАСк-01-16, БАСк-02-16, БАСк-2-15, БАСк-3-15 тайпаларынын мамлекеттик практика алдындагы отчеттук конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси, ЖАКтын практика жетекчиси Мамбетова Мира, “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн бөлүм башчысы Нарымбетов Талантбек, бөлүмдүн практика жетекчиси Эмилова Гүлнара, секция башчысы Маманова Бүсадат жана адис окутуучулар катышты. 

ЖАКтын практика жетекчиси  Мамбетова Мира, бөлүмдүн студенттердин арасынан мамлекеттик практикага чыгып, ал ар кайсы ишканаларга калып жумуш менен камсыз болгон студенттерди баса белгилеп кетти жана аларга ийгилик каалоо менен ыраазычылык билдирди.