AVN







“Сабырдуу адам аз жаңылат ” аттуу ушу өнөрү көрсөтүлдү...

“Сабырдуу адам аз жаңылат ” аттуу ушу өнөрү көрсөтүлдү...
 Apr 23, 2018  1092

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык юбилейине карата 19-аперль күнү Конфуций институтунун жамааты тил үйрөнүүчүлөр арасында  “Сабырдуу адам аз жаңылат ” аттуу ушу өнөрүн көрсөтүү иш-чарасын өткөрдү.

Ушу байыркы кытай өнөрү болуп, кытайдын муш өнөрлөрүнүн негизинде жаралган азыркы спорт түрлөрүн: Тайжичуан, чуаншу, жиеншу, даошу, чяңшу, гуншу ж.б. түшүндүрөрүн, ушу менен машыгууда дене чыңалып гана тим болбостон, ой да тазарып, таза энергия, тунук ойлоо калыптанып, бардык терс сезимдер жоголуп, адам сабырдуу болууга көнө баштаарын студенттер билишет.  

“Биздин институтта кытай тилин үйрөтүү менен гана чектелбестен, кытай маданиятын ар тараптан тааныта турган иш-чараларды өткөрүп турабыз. Алардын бири – кытай ушу өнөрү. Бул боюнча бизде атайын кытайдан келген адисибиз, профессор Гуо Лан иш алып барат.  Бүгүнкү күндө ушу боюнча ийрим Базар-Коргон районундагы №30 мектепте иштеп жатат. Жаңы окуу жылынан баштап калган класстарыбызга да жайылтууну пландаштырып жатабыз. Каалоочулардын бардыгы катыша берсе болот”,-деген оюн институттун директору М.Шакирова билдирди.

  • “Сабырдуу адам аз жаңылат ” аттуу ушу өнөрү көрсөтүлдү...
  • “Сабырдуу адам аз жаңылат ” аттуу ушу өнөрү көрсөтүлдү...
  • “Сабырдуу адам аз жаңылат ” аттуу ушу өнөрү көрсөтүлдү...
  • “Сабырдуу адам аз жаңылат ” аттуу ушу өнөрү көрсөтүлдү...