AVN

ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХКА

ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХКА
 Apr 23, 2018  971

ЖАМУнун Медицина факультети “Жетелеген 95 жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхка”  аттуу илий-конференция уюштурду. Ага факультеттин деканы, кафедра башчылары, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

     Конференцияда окуу жайдын түптөлүшү, университет катары түзүлгөндүгү, жетишкендиктери боюнча баяндамалар студенттер тарабынан окулду. Факультеттин деканы Жуманалиева Максуда өз сөзүндө факультеттин ачылуу тарыхына токтолуп, 2010-жылы 2 кафедра менен ачылганын айтып өттү. Алгач “Фармация” кафедрасы, жана “Медицина билим берүү негиздери”  кафедрасы болгон, анда жалпы 84 студент билим алган.  Ал эми факультеттин деканы Кожалиев Алайчы, “Фармация” кафедрасынын башчысы Орозбаева Жылдыз, “Медицина билим берүү негиздери”  кафедрасынын  башчысы Абдыкалыков Максат эмгектенгенин айтты.

     Учурда “Медико-биология дициплиналар” кафедрасы, “Анатомия жана физиология” кафедрасы, “Акушердик жана педиатрия” кафедрасы, “Хирургия жана травматология” кафедрасы, “Ички оорулар” кфедрасы “Гигиена жана эпидемиология” кафедрасы, “Фармация” кафедрасы жана “Морфологиялык дициплиналар” кафедралары ачылып,  1195 студент билим алууда.

    Ошондой эле эл аралык байланышта да иштер жүргүзүлүүдө. Он мамлекеттин жаштары келип бизден билим алууда, алардын саны жыл сайын өсүп, бүгүнкү күндө 950 жетти – дейт факультеттин деканы. Биздин ар бир студентибиз окуу жайдын тарыхын, жетишкендиктерин билүүсү абзел деген оюн кошумчалады.

  • ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХКА