AVN







ОКУ ЖАНА ТААНЫШ

ОКУ  ЖАНА ТААНЫШ
 Apr 21, 2018  1283

Жалал-Абад колледжинин  “Мектепке чейинки жана технологиялык билим берүү” бөлүмүндө “Дене тарбия” мугалими адистигинин  ДТк – 2-16 тайпасын окуу графиги боюнча окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы болду.

    Ага аталган бөлүмдүн окутуучулары жана студенттер катышты. Жогорудагы тайпада 16 студент билим алат.   Студенттер шаарда жайгашкан бир катар мектептерге бөлүнүп, аларга практика жетекчилери техникалык коопсуздук, жолдо жүрүү эрежелери менен тааныштырды. Келечекте иштөөчү мекемелери менен базалык таанышуу максатында жөнөтүлгөн – деп билдирди Бостонова Айнура.