AVN







КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
 Apr 21, 2018  1233

Жалал – Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Респуликасынын Конституциясынын 25жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги” аталыштагы Эл аралык илимий – практикалык конференция 20-апрелинде өткөрүлдү. Конференциянын ишине Казакстан Республикасынын, Бишкек, Ош шаарларынын жогорку окуу жайларынын жетектөөчү окумуштуулары, ЖАМУнун окумуштуулары, студенттери катышты.

Конференцияны ИИ боюнча проректор ф-м.и.доктору, профессор К.С.Алыбаев ачып куттуктады жана конференциянын ишине ийгилик каалады.

Ал эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүктө пленардык докладдар окулду.

  1. Арабаев Автандил - ю.и.д КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери,. «Кыргыз Республикасынын конституциясынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери».
  2. Тузельбаев Ергали Ошпанбаевич- ю.и.д., профессор Казак-Россия эл аралык университетинин кафедра башчысы, «Конституция Республики Казакстан и общественная безопасность».
  3. Асаналиев Тилек Асаналиевич- ю.и.д., профессор Кыргызстан Эл аралы университетинин Координациялык кеңешинин төрагасы «Конституция Кыргызской Республики как гарант стабильности в обществе».
  4. Ракимбаев Эркин Нурудинович - ю.и.д., профессор Талды-Коргон укук институнун илимий иштер боюнча проректору «Конституционное развития в странах Центральной Азии»,
  5. Кулдышева Гүлсара Кежеевна-- ю.и.д., профессор Ош мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетинин деканы «Проблемы обеспечение эффективного взаимодействия ветвей Государственной власти Кыргызской Республике»
  6. Кадырова Чолпон Айзабековна - ю.и.к., доцент Э.Алиев атындагы ИИМ алдындагы Академиянын «Коомдук-саясий дисциплиналар» кафедрасынын башчысы, «Реализация конституционного право граждан КР на охрану здоровья и медицинскую помощь»
  7. Пазылов Ныязбек Адылжанович - ю.и.к., Ош мамлекеттик юридикалык институтунун «Жарандык укук жана процесстер» кафедрасынын доценти «Конституционно – правовые вопросы миграции трудоустройства молодежи в Кыргызской Республики»
  8. Шамшиев Расул Кеңешович ф.и.к., доцент Жарандык укук жана адвокатура” кафедрасынын башчысы: «КР конституциялык түзүлүшүнүн негизи»

Докладдар окулуп бүткөндөн кийин суроолор берилип, жооптор алынды. Жалпы талкуу болду.

Экинчи бөлүктө секциялык иштер жүргүзүлдү. Баары болуп 3 секция иш алып барды.

1 – секция: «Кыргыз Республикасынын конституциясы – мамлекеттин жана коомдун негизги мыйзамы». 16 доклад окулду.

2– секция: «Кыргыз Республикасынын конституциялык укугунун актуалдуу маселелери». 14 доклад окулду.

3-секция: «Конституция жана Кыргызстандын мамлекеттик жана аймактык социалдык -экономикалык өнүгүү маселелери». 18 доклад окулду.

Конференция ЖАМУнун Экономикалык – Юридика факультетинин – «Жарандык укук жана адвокатура», «Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар» «Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы» кафедралары тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ