AVN







“Жергиликтүү бюджет, андагы гендердик саясаттын орду”

“Жергиликтүү бюджет, андагы гендердик саясаттын орду”
 Apr 20, 2018  846

Кыргызстан Аялдар демократиялык тармагынын лидери Г.Байбетова, Жалал-Абад областы боюнча координатору М.Багышева, Сузак району боюнча координатору М.Шакирова жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен биргеликте ЖАМУнун экономика адистигинин жана ЖАКтын экономика бөлүмүнүн студенттерине “Жергиликтүү бюджет, андагы гендердик саясаттын орду” деген темада маалымат бөлүшүү семинарын өткөрүштү.

Иш-чарада Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, жергиликтүү бюджетти кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү М.Адылбеков шаардын жергиликтүү коомдоштугунун бюджетинин түзүлүшү, бекитилиши жана аткарылышы  боюнча доклад жасап, суроолорго жооп берди.

Кыргызстан Аялдар демократиялык тармагынын лидери Г.Байбетова бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджетте гендердик маселелердин белгилүү деңгээлде каралышы керектиги боюнча ойлорун айтты.

Кыргызстан Аялдар демократиялык тармагынын Жалал-Абад областы боюнча координатору М.Багышева өз сөзүндө студенттерге жергиликтүү бюджеттин кирешелери, чыгашалары, трансферттер, гранттар ж.б. түшүнүктөр боюнча кенен маалымат берди.

Бир топ жылдардан бери аталган тармак өлкөдөгү актуалдуу маселелер: Аялдардын коомдогу орду, гендердик теңдик, зордук-зомбулуксуз жашоо, оратордук чеберчилик ж.б. бир топ иш-чараларды тынымсыз өткөрүп жатышкандыгы тууралуу бул уюмдун Сузак району боюнча координатору М.Шакирова билдирди.

  • “Жергиликтүү бюджет, андагы гендердик саясаттын орду”
  • “Жергиликтүү бюджет, андагы гендердик саясаттын орду”
  • “Жергиликтүү бюджет, андагы гендердик саясаттын орду”