AVN







СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ

СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ
 Apr 20, 2018  829

ЖАМУнун  Медицина факультетинде  17- апрель күнү  “Акушердик жана гинекология”   кафедрасынын  окутуучусу   Журабекова Гулзина тарабынан    “Үй- бүлөнү пландаштыруу” деген темада  викторина  уюштурулду.   Ага “Дарылоо иши” адистигинин   4    тайпасы   катышып,  саламдашуу, эмблеманы коргоо, сахналык көрүнүш тапшырмалары боюнча жарышты.

       Бул тапшырмалардан сырткары  студенттер өз алдынча иштерин көрсөтүштү. Ошондой эле аталган факультеттин деканы Жуманалиева Максуда баштаган бир катар кафедранын окутуучулары калыстар тобу болуп дайындалган.

       Жогорудагы тапшырмалар катышуучулар тарабынан аткарылып, калыстардын сынынан өттү. Жыйынтыгында :

  • ЛДк-3-14  тайпасынын  “Келечек”  командасы     1-орунду  алышып  диплом  менен  сыйланды;
  • ЛДк-1-14 тайпасынын  “Мээрим”  командасы      2-орунду   алышып диплом  менен сыйланды;
  • ЛДк-4-14 тайпасынын  “Маргарет”  командасы  3-орунду   алышып  диплом  менен  сыйланды;

ЛДк-2-14  тайпасынын  “Бакыт”  командасы  активдүү катышкандыгы  үчүн  диплом  менен  сыйланды;

  • СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ
  • СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ
  • СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ
  • СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ
  • СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ
  • СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА УЮШУЛДУ