AVN







“ЖАМУНУ ДАҢКТАП ЖАЗАМ!”

“ЖАМУНУ ДАҢКТАП ЖАЗАМ!”
 Apr 20, 2018  836

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык юбилейине карата 18-апрель күнү Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү арасында  “ЖАМУну даңктап жазам!” аттуу иероглиф жазуу конкурсу өткөрүлдү.

Конкурстун максаты – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык юбилейин белгилөө жана окуу жайды даңктоо менен бирге кытай тилин, кытай жазуусун терең өздөштүрүү. Иш-чаранын жүрүшүндө 45 мүнөттүн ичинде “ЖАМУну даңктап жазам!” деген темада студенттер кытай иероглифи менен чакан эсселерди жазышты. Ар бир автор өз чыгармасын окуп, ой бөлүштү.

Катышуучулар  иероглифтин дүйнөдөгү эң байыркы жазуулардын бири экендигин, ал адам, айбанат, өсүмдүк, имарат жана башка сүрөттөрүнүн негизинде түзүлгөндүгүн билишет. Аларда иероглифтер кытай маданиятынын өнүгүп, бүгүнкү күнгө жетишинде өтө маанилүү роль аткаргандыгы, анда үнсүз тыбыштарды, ошондой эле 2–3 үнсүз тыбыштын айкалышын билдирген (үндүүлөр белгиленген эмес) фонограммалардан жана өзүнчө сөз же түшүнүктү туюндурган идеограммалардан турары боюнча маалыматтар бар.

 Конкурс абдан кызыктуу өтүп, студенттер кытай тилин, кытай иероглифин өздөштүрүүдөгү дараметтерин кенен көрсөтө алышты.

  • “ЖАМУНУ ДАҢКТАП ЖАЗАМ!”
  • “ЖАМУНУ ДАҢКТАП ЖАЗАМ!”
  • “ЖАМУНУ ДАҢКТАП ЖАЗАМ!”
  • “ЖАМУНУ ДАҢКТАП ЖАЗАМ!”
  • “ЖАМУНУ ДАҢКТАП ЖАЗАМ!”