AVN







“Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча түзүлгөн Меморандумга кол коюлду

“Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча түзүлгөн Меморандумга кол коюлду
 Apr 20, 2018  1331

               ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи  2018-2023-жылдарга багыталган Азия өнүктүрүү банкы тарабынан финансылык каржыланган АБР тарабынан жарыяланган долбоорго катышып,  суммасы 1млн доллар болгон проектини  жеңип алды. Мындай маалыматты колледждин жетекчиси Турдубаева Бариса билдирди.

      Анын айтымында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” секторун өнүктүрүү программасы боюнча тандоого  республикадагы 61 колледж катышып, анын ичинен аталган министрликтин  №271/1 12.03.18 буйругунун негизинде беш колледж мыкты деп табылган. Мындай ийгиликти жаратууда ЖАКтын жамааты демилгелүү эмгектенип, “Алдынкы тажрыйба борбору” наамды жеңип алышкан.

    2018-жылдын 19-апрелинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан финансылык каржыланган “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” секторун өнүктүрүү программасынын (грант №0552-KGZ жана грант №0553- KGZ) долбоорунун менеджери Джеенбекова Надира жана ЖАКтын директору Турдубаева Барисанын ортосунда меморандумга кол коюлду. Долбоор 2023-жылдын 31-майында аяктайт. Беш жыл ичинде ЖАКка бардык керектүү жабдуулар келип, оңдоп-түзөө иштери, практика боюнча мастерскойлор жасалат.

  • “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча түзүлгөн Меморандумга кол коюлду
  • “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча түзүлгөн Меморандумга кол коюлду