AVN







ОЛИМПИАДА ЖЫЙЫНТЫГЫ

ОЛИМПИАДА ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Apr 19, 2018  817

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын Социалдык иш адистигинин студенттери Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлгөн VIIаймактык олимпиадага катышты.

 Аталган адистиктин студенттери Эмилбек кызы Сауле, Усенов Адилет, Замирбек кызы Айдана “Социалдык иштин теориясы жана усулу” предметинен жана “Философия” предметинен Чолпонбай кызы Роза катышышып, байгелүү орундарды багындырышты.

Социалдык иш адистиги боюнча Эмилбек кызы Сауле 3-орун, жетекчиси –окутуучу Кожоназарова Ырыскүл.

Философия предметинен Чолпонбай кызы Роза 3-орун, жетекчиси – ф.и.к., доцент Токтогулова Гүлжамал.

  • ОЛИМПИАДА ЖЫЙЫНТЫГЫ