AVN







МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА

МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА
 Apr 19, 2018  809

    ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин “Тарых” адистигинин  3-курсунун  студенти  Абдыразакова Айтурган Бишкек шаарында 9-13- апрелинде ЮНЕСКОнун  материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын активдүү жаштардын дараметин жогорулатуу максатында семинар тренингге катышып келди.

     Семинар  Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы, CRIHAP жана Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун класстердик бюросу тарабынан уюштурулган. Ага социалдык тармактарда  атайын сынак жүрүп, Кыргызстандын 7 облусунан 30 активдүү жаштар катышты.  Жалал- Абад областынан бир гана өкүл ЖАМУнун Т-1-15 тайпасынын студенти Абдыразакова Айтурган  катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүп келди.

Семинардын максаты жаш активисттер  арасында  жоголуу коркунучунда турган материалдык эмес маданий мурастарды сактоо,  жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алуу, маалымдуулугун жогорулатуу. 

  • МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА
  • МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА
  • МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА
  • МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА
  • МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА
  • МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА
  • МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА