AVN







ЭНЕ МЕНЕН КЫЗДЫН МАМИЛЕСИ

ЭНЕ МЕНЕН КЫЗДЫН МАМИЛЕСИ
 Apr 19, 2018  1086

ЖАМУнун филология факультетинин «Англис тили жана адабияты» кафедрасынын улук окутуучусу Жороева Гулбара Ош шаарында 14-15-апрель күндөрү уюшулган «Эне кызы” аттуу конференцияга катышып келди.

    Анын айтымында конференция Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары тарабынан өткөрүлгөн.  Г. Жороева конференциядан алган тажрыйбасын жаштарга үйрөтүү максатында 18-апрелде аталган кафедранын студенттерине  “Эне кызы” аталышындагы  семинар өткөрдү. Анда эне менен кыздын ортосундагы мамилени жакшыртуу, жашоого болгон максатын туура коюу, энелердин жана кыздардын укугун коргоо, алардын мамилесин бекемдөө жана сактоо туурасында сөздөр айтылган.

   Ошондой эле баарлашуунун түрлөрү, стресстен арылуунун жолдору  жөнүндө маалымат алышты. Бул иш чарага студенттерден сырткары кафедранын окутуучулары өздөрүнүн кыздары менен бирге катышып, эне баланын мамилеси боюнча маалымат алышты деп кошумчалады.

   Ал эми катышуучулар өздөрүнүн ойлорун ортого салып, талкуу жүрдү. Жыйынтыгында бир гана эне менен кыздын мамилесине көңүл бурбастан, уул балдарыбызга да арнап тарбиялык иш чараларды өткөрсөк деген  сунуштарын айтышты.

  • ЭНЕ МЕНЕН КЫЗДЫН МАМИЛЕСИ
  • ЭНЕ МЕНЕН КЫЗДЫН МАМИЛЕСИ
  • ЭНЕ МЕНЕН КЫЗДЫН МАМИЛЕСИ