AVN







УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Apr 19, 2018  968

Жалал-Абад колледжинин  «Бухгалтердик эсеп жана салык салуу»  бөлүмү 12-апрель Космонавтика күнүнө карата 16-апрелде астрономия предмети  боюнча сабактан тышкаркы иш чара өткөрдү.

     Иш чара физика предметинин окутуучулары Бакирова Эльмира, Исмаилахун кызы Мухабад жана Кошокбаева Гүлзада тарабынан уюшулган. Ага “Башталгыч класстын мугалими” адистигинин БКМб – 2-17 тайпасынын студенттери, “Дене тарбия” адистиги Дт – 2- 17 тайпасы, “Укук таануу” адистигинин УТк – 3-17 тайпасы, “модельер конструктор” адистигинин Мк – 2-17 тайпасы жана “Автомабильдерди оңдоо жана тейлөө” адистигинин Тоират – 2-17 тайпасы жана “Салык салуу” адистиги ССк – 2-17 тайпасынын студенттери катышты.

   Күндүн темасына “Асман телолорун жана космостук чөйрөнү изилдөө методдору менен таанышуу”,  “Советтик учкуч Ю.А Гагариндин өмүр чыгармачылыгы жана учуучу    кораблдер жөнүндө маалымат алуу”  камтылган.  Иш чарага жалпы 97 студент  катышты, ал эми жогорудагы адистиктерде 120 студент билим алат. Бул күндүн максаты  жаштарга космос мейкиндиги тууралуу маалыматтарды кеңири билдирип, ар бир адам ачылыш жазай ала турганын айтып, жаштарды шыктандырдук – дейт Э. Бакирова.

  • УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • УЧКУЧТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ