AVN







АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЧАКЫРУУ

АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЧАКЫРУУ
 Apr 19, 2018  750

ЖАМУнун Медицина жана Педагогика жана маалымат технологиялар  факульттеринин «Акушердик жана гинекология», «Башкаруунун автоматташтырылган системалары» кафедрасыларынын башчылары  Садырова Нургул, Мураталиева Венера бүтүрүүчү студенттер менен биргеликте 2018-2019-окуу жылдары үчүн абитуриенттерди кабыл алуу боюнча профориентация иштерин Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан бир катар  орто окуу жайларында жүргүзүштү.

   Маалым болгондой  №2 А.С. Макаренко, №6 М.В. Ломоносов,  №1 М.В. Фрунзе, №3  Т. Сатылганов,  №4 Ю.А. Гагарин атындагы орто мектептеринин 9-11-класстардын окуучулары менен жолугушуп, ЖАМУда даярдап чыгаруучу адистиктер боюнча кеңири маалыматтар берилип, буклеттер таркатылып, ар бир адистикте кошумча тесттик тапшырмалар берилүүчү предметтер боюнча түшүндүрмөлөр айтылган.

Жолугушууда жалпы республикалык тестирлөөнүн талаптары жана максаттары жөнүндө кеңири сөз болду – деп билдирди  В. Мураталиева . 

 

  • АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЧАКЫРУУ
  • АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЧАКЫРУУ