AVN







ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......

ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......
 Apr 17, 2018  789

   Медициналык факультетти н  «Фармация» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелеринин жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда  16-апрелде  жолугушуу болду. Мындай маалыматты кафедра башчысы Орозбаева Жылдыз билдирди.

       Жыйынга окуу жайдын деканы Жуманалиева Максуда баштаган бир катар окутуучулар, бүтүрүүчү студенттер, ата-энелер жана иш берүүчүлөрдөн   Кыргыз Республикасынын Фармацевтер Ассоциациясынын директору Т.М.Батыров ОсОО «Неман Фарм»,  ОсОО «Лаванда Фарм», ОсОО «Фарм эксперт»,ОсОО «Тоскоол-Ата» катышты.

     Билим алууну каалаган жаштар дүйнөнүн каалаган жеринде билим алса болот. Антсе да, ата-эне өз мүмкүнчүлүгүнө карап, балдарынын каалоосун эске алып, ар кандай адистикке уул-кызын ээ кыла алат. Жалал-Абад мамлекеттик университетин тандаганыбыздын себеби, окуу акысы арзан жана бул жердеги мугалимдер балдарыбызга жогорку деңгээлде билим бере алат деген ишеничибиз чоң болгон. Тилектер орундалып, келечектин мыкты адистери болуп чыкты деп ишенебиз – деген ойлорун ата-энелер билдиришти.

    Кыргыз Республикасынын Фармацевтер Ассоциациясынын директору Т.М.Батыров сөзгө чыгып, башка шаарлардын окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнөн бул окуу жайдын студенттеринин айырмачылыгы практика жүзүндө өз кесибин мыкты өздөрштүрө алгандыгында. Бул өзгөчөлүккө жетишкендигине окутуучулардын салымы чоң деген оюн айтты.

     Белгилей кетсек, фармацевт адистигин 2017-2018 окуу жылында 16 студент аяктап жатат.

  • ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......
  • ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......
  • ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......
  • ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......
  • ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......
  • ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......
  • ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛЫП.......