AVN







ЖАШ КАДРЛАРГА ДАЙЫМА МУКТАЖБЫЗ

ЖАШ КАДРЛАРГА ДАЙЫМА МУКТАЖБЫЗ
 Apr 16, 2018  765

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү”

бөлүмүнүн “Авто унааларды техникалык жактан  тейлөө жана оңдоо” бөлүмүнүн студенттери жана иш-берүүчүлөр ортосунда  жолугушуу болду.

 Жолугушууга “Осмонов Р.Д.” ишканасы, ОАО “Айти” жана ОАО “Манас” ишканаларынан өкүлдөр келишти. Жыйында иш берүүчүлөр жаш кадрларга ар бир ишкана муктаж, алардын катарында биз да бар. Заманбап авто унаалардын тетиктери менен иштөөнү окутуп, үйрөтсөңүздөр, иш билги, кесипкөй студенттер үчүн дайыма эшигибиз ачык деген ойлорун билдиришти.

   Ал эми бул жыйынга 34 студент, 9 мугалим жана 3 иш берүүчү катышып, студенттер кызыккан суроолорун келген конокторго беришти – деп билдирди бөлүмдүн окутуучусу Тилекмамат кызы Шарипа.