AVN

“Мен ЖАМУдан күч алам!” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлдү

“Мен ЖАМУдан күч алам!” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлдү
 Apr 16, 2018  880

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык юбилейине карата 14-апрель күнү Конфуций институтунун жамааты кезектеги “Мен ЖАМУдан күч алам!” аттуу спорттук иш-чарасынын 2-турун институттун тил үйрөнүүчүлөрү, окутуучулары арасында өткөрүштү. 

Бул мелдешке ар бир курста окуп жаткан студенттер топ-топ болуп катышышты. Иш-чаранын кызыктуулугу – окуучулар мурда бир да ойноп көрбөгөн оюндарды ойногонунда болду. Катышуучулардын пикиринде, спорттук мелдештер күч-кубат, жагымдуу маанай тартуулап, достошууга жакшы шарт түзөт.

Институтта практикасын өтөп жаткан ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин ККИс-11-1-17 тайпасынын студенти Шарипов Мухамадшариф: “Бул окуу жайда иш-чаралар тез-тез, кызыктуу уюштурулат экен. Окутуучулары тил үйрөтүүгө, окуучулары тил үйрөнүүгө ынтызардыгын байкадым. Мен ЖАМУнун Конфуций институтунда практикамды өтөгөнүмө кубанычтуумун”,-деген оюн билдирди.

  • “Мен ЖАМУдан күч алам!” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлдү