AVN







ПРАКТИКА БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

ПРАКТИКА БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Dec 18, 2023  549

         Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан  2023-жылы 18-декабрда практика  боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова жана кафедрадагы практика жетекчилери катышышты. Кафедрадагы практика жетекчилерине өз кезегинде карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева студенттердин практика учурундагы илимий иштери, базалык мектептер жана жол карталар тууралуу ой-пикир, сунуштарын айтты. Тегерек стол суроо, жооптор менен коштолду.

  • ПРАКТИКА БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ