AVN







ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР

ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР
 Dec 18, 2023  526

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата студенттер менен биргеликте дебат өткөрүлдү.

       Иш-чаранын  негизги максатында улуу жазуучубуздун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калаарын дагы бир ирет даңазалоо болду. Негизинен эле Ч.Айтматовду бүт дүйнө эли таанып, кыргыз эли сыймыктанган жазуучу экенине ынанбай коё албайсын. Жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык бир өзгөчөлүк бар.

Дебаттын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу, “Эрте келген турналар” чыгармасынан үзүндү, слайддар жана викториналык оюндар менен коштолуп туура тапкан катышуучуларга кызыктыруучу белектер берилди.

  • ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР
  • ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР
  • ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР
  • ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР
  • ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР