AVN







Ч. Айтматовдун улуулугун даназалаган иш-чара жыйынтыкталды...

Ч. Айтматовдун улуулугун даназалаган  иш-чара жыйынтыкталды...
 Dec 18, 2023  250

Белгилүү инсан, кыргыз элинин сыймыктуу уулу – Ч. Айтматовдун 95 жылдык маfракесине арналган илимий – практикалык конференциянын материалдары сексиялык иште кызуу талкууланды. Педагогикалык багыттар аталышындагы сексияга келип түшкөн 14 илимий баяндаманын дээрлик баары талкууланды, алардын арасында магистранттар, студенттердин активдүү катышуусу кийинки мезгилдерде жаштардын илимге болгон умтулуусун далилдеп жаткандай. Бул окуу жайдын жетекчилигинин жүргүзгөн саясатынын туура багытта бара жаткандыгынын бир далили деп айтууга толук негиз бар.

Жыйындын жүрүшүндө окулган илимий баяндамалардын көпчүлүгү купулга толорлук деп айтууга болот. Айрыкча Пмаг-1—22 тайпасынын магистранты Токторалы кызы Г., ИЭТ-1-20 тайпасынын студенти Болотбекова А., Т-1-22 тайпасынан Анарбаева А.,  Б-1-22 тайпасынан Камалдинова А. Жаш изилдөөчүлөр учурдагы актуалдуу маселелерди туура байкап, туура изилдөөгө алышкандыгын белгилеп кетүү абзел. Сексиялык ишти алып барган ППОТ кафедрасынын башчысы, профессор С.С. Сакиева жыйынды жыйынтыктап жатып, илимдеги жаны изилдөөлөрү үчүн катышуучуларга жана алардын илимий жетекчилерине терең ыраазычылыгын билдирип кетти. Иштин жүрүшүн такай көзөмөлгө алган, секциянын катчысы, п.и.к., доцент К.М. Ураимов болду.  Жыйындын акырында катышуучуларга 1-2-3-даражадагы Дипломдор тапшырылды.

  • Ч. Айтматовдун улуулугун даназалаган  иш-чара жыйынтыкталды...
  • Ч. Айтматовдун улуулугун даназалаган  иш-чара жыйынтыкталды...
  • Ч. Айтматовдун улуулугун даназалаган  иш-чара жыйынтыкталды...
  • Ч. Айтматовдун улуулугун даназалаган  иш-чара жыйынтыкталды...