AVN







Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!

Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!
 Apr 16, 2018  797

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык юбилейине карата 13-апрель күнү Конфуций институтунун окутуучусу Эркинбек к. Гулина кытай тилин үйрөнүүчүлөргө “Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!”  аттуу сабак-конкурс өткөрдү.

Сабакка катышкандар топторго бөлүнүшүп, текст түзүү, сүрөт аркылуу сүйлөө, талантын көрсөтүү сыяктуу тапшырмаларга кытай тилинде жооп беришти. Ар бир тапшырмада студенттер тарабынан Жалал-Абад мамлекеттик университетин даңктоо мүнөзүндөгү: бул окуу жайдан билим алып жаткандыгына кубангандыгы, окуу жайда билим алууга гана эмес студенттин өзүн ар тараптан өстүрүүгө ылайык шарттар түзүлгөндүгү жөнүндөгү тексттер түзүлдү, ырлар окулду, сүрөттөр тартылды.

Курстун окуучуларынын кытай тилин канчалык деңгээлде  өздөштүргөнү бул сынакта белгилүү болду.

  • Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!
  • Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!
  • Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!
  • Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!
  • Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!
  • Кут болсун, ЖАМУнун 25-жазы!