AVN

“БИЗДИН БАРДЫК КЫЯЛДАРЫБЫЗ ОРУНДАЛЫШЫ МҮМКҮН, ЭГЕРДЕ БИЗ АЛАРДЫН АРТЫНАН ТҮШҮҮГӨ БАТЫНСАК”

“БИЗДИН БАРДЫК КЫЯЛДАРЫБЫЗ ОРУНДАЛЫШЫ МҮМКҮН, ЭГЕРДЕ БИЗ АЛАРДЫН АРТЫНАН ТҮШҮҮГӨ БАТЫНСАК”
 Dec 15, 2023  403

Жакшы күн жакшы таң менен башталат демекчи, бүгүн Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттери үчүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Двойняшки» кондитердик фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышуу иш чарасы уюштурулду. Иш кананын негиздөөчүсү - Абдурахманова Бактыкан Коргонбаевна алгач 2012-жылы үй шартында таттуу тортторду жасоо менен бир топ изденүүнүн, эмгектенүүнүн жана эң негизгиси ар бир үй-бүлөнүн жакшылык күндөрүндө кубаныч тартуулоо негизги максатыбыз болгондуктан, командабыз менен азыркы ийгиликтерибизди жарата алдык. Ошондой эле ата-бабаларыбыз бакубат жашоо үчүн тынымсыз эмгек талап кылынаарын баамдашып, “Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен”, “Өнөрлүү өлбөйт”, “Адамды адам кылган ак эмгеги” деген сыяктуу накыл сөздөрдү муундан муунга мурасташып, адал мээнеттин ыйыктыгын, ак жашоого умтулган адеп-ахлак улуктугу, көркөм касиеттин түбөлүктүүлүгүн айгинелеп келишкен. Ал эми эмгекчил болсоң, эл керегине жараарың талашсыз. Агынан жарылган мээнет, талбас эмгек сени дени сак, сарамжал, коом үчүн пайда келтире турган инсан кылып жаратаары чындык – деп келечек ээлерине өз сөзүн айтып өттү.

Мамадалиев Акмалжон Сайдирахманович - сатуу боюнча менеджер; эмгекчил, мээнеткеч адамдар жашоо шарттын жакшырышына өбөлгө түзүшөт. Алардын катарына бизнесмендер, жеке ишкерлер тобун кошууга болот. Өздөрүнүн тынымсыз аракетинин натыйжасында элибизди жумуш орундары менен камсыз кылышып, жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишүүдө. Коомубузда ушундай ишкерлер, мамлекеттин казынасына каражат түшүрө турган азамат атуулдарыбыз көп болсо жашоо шартыбыз мындан да жогорулайт. Ийгилик ар дайым эле оңой боло бербейт, ага жетүү жолу адырлуу болушу мүмкүн. Ал тургай, дүйнөдөгү айрым ийгиликтүү жана белгилүү адамдар, анын ичинде Дж. Роулинг, Стив Джобс жана Опра Уинфринин ысымдарын дээрлик бардыгы тааный турган адам болгонго чейин жумушунан айрылып, кыйынчылыктарды жеңип келишкендигин баарыбыз билебиз. Ошондой эле ийгиликке жетүү үчүн эмгектенүүдөн эч качан баш тартпоо керек экендигин белгиледи. Андан сырткары ишкердиктин сырлары жана аны өнүктүрүү жолдору, бизнес план, социалдык тармактар менен иштөө маселелери боюнча стартап командалардын мүчөлөрү тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборундагы ишкердик ишмердүүлүктүн, инновациялык идеялардын калыптануусуна жана андан ары өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн «Двойняшки» кондитердик фабрикасына ЖАМУнун Ыраазычылык каты жана китеби тапшырылды – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов.

  • “БИЗДИН БАРДЫК КЫЯЛДАРЫБЫЗ ОРУНДАЛЫШЫ МҮМКҮН, ЭГЕРДЕ БИЗ АЛАРДЫН АРТЫНАН ТҮШҮҮГӨ БАТЫНСАК”