AVN







КЫРГЫЗДАРДАГЫ УМАЙ ЭНЕНИН КУЛЬТУ: ТАРЫХЫЙ САЛЫШТЫРМАЛУУ ИЛИКТӨӨЛӨР

КЫРГЫЗДАРДАГЫ УМАЙ ЭНЕНИН КУЛЬТУ: ТАРЫХЫЙ САЛЫШТЫРМАЛУУ ИЛИКТӨӨЛӨР
 Dec 14, 2023  255

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасы жетектөөчү мекеме катары сунушталып,  профессордук-окутуучулук курам менен кеңейтилген отурумда ОшМУнун аспиранты Умаралиев Элдербек Станбековичтин 07.00.07-этнография, этнология жана антропология адистиги боюнча тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган "Кыргыздардагы Умай эненин культу: тарыхый салыштырмалуу иликтөөлөр" аталыштагы диссертациянын авторефераты талкууланды. Талкууга тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана ф.и.д, проф.м.а. Г.С.Токоева, ф.и.к., доцент Г.Т.Токтогулова, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев жана изилденүүчү Э.С.Умаралиевдер катышты. Талкуу кызыктуу, мазмундуу болуп, жыйынтыгында суроо-жооп менен коштолуп, илимпозго сунуштар, сын-пикирлер айтылып, оң пикир жазылып илмий иш коргоого сунушталды.  Изилдөөчүүгө ийгилик каалайбыз.

  • КЫРГЫЗДАРДАГЫ УМАЙ ЭНЕНИН КУЛЬТУ: ТАРЫХЫЙ САЛЫШТЫРМАЛУУ ИЛИКТӨӨЛӨР
  • КЫРГЫЗДАРДАГЫ УМАЙ ЭНЕНИН КУЛЬТУ: ТАРЫХЫЙ САЛЫШТЫРМАЛУУ ИЛИКТӨӨЛӨР
  • КЫРГЫЗДАРДАГЫ УМАЙ ЭНЕНИН КУЛЬТУ: ТАРЫХЫЙ САЛЫШТЫРМАЛУУ ИЛИКТӨӨЛӨР