AVN







ЧЫНГЫЗЫМ-ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫМ

ЧЫНГЫЗЫМ-ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫМ
 Dec 14, 2023  197

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу, БКМк-05-23 тайпасынын куратору Исраилова Нускайым Абдыганыевна залкар жазуучу  Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Чынгызым-өчпөс жылдызым” аттуу ачык куратордук саат өткөрдү.

Сабактын жүрүшүндө куратор кириш сөзүн сүйлөдү.Куратор  Айтматов-доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү! Ал өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөртүп, элдин көз карашын, дүйнө тааным чабытын кеңейткени менен эсте калгандыгын айтып, дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык окурмандарды бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктады.Бул  майрам улуттук баалуулуктун күнү руханий дүйнө майрамы экенин белгиледи жана мамлекетибиз  ар убакта заманыбыздын залкар талантын колдоп, анын көзү өтсө да, түбөлүктүү даңазалап келерин айтты.

Иш чара Чынгыз Айтматовго арналган көркөм окуулар, “Биринчи мугалим” повестинен үзүндү, анын чыгармаларынын негизинде коюлган тасмаларга арналган ырлар, бийлер аткарылып, Ч.Айтматовго арналган сүрөт көгөзмөсү менен коштолду.

  • ЧЫНГЫЗЫМ-ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫМ
  • ЧЫНГЫЗЫМ-ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫМ
  • ЧЫНГЫЗЫМ-ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫМ