AVN

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Dec 14, 2023  198

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан  2023-жылы 13-декабрда 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү.

Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Н.С.Жолдошалиева, кафедрадагы практика жетекчилери жана 4-курстун студенттери катышышты. Конференцияда студенттер кесиптик-профилдик практика боюнча отчет беришип, илимий иштери боюнча презентация жасашты. Студенттер кесиптик-профилдик практика учурунда “Анлис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген илимий теманын негизинде “Мобилдик тиркемелерди жана салттуу ыкмаларды колдонуу менен тил үйрөнүүнүн салыштырма анализи”, “Заман талабына ылайык билим берүүнүн технологиялары”, “Quizlet тиркемесин англис тили сабагында колдонуу” деген темалардагы илим изилдөө иштерин жүргүзүп келишти. Практика жетекчилери өз кезегинде отчет беришип, студенттердин жыйынтык бааларын айтышты. Конференция суроо, жооптор менен коштолуп, практика боюнча сунуштар айтылды.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ