AVN







КУРАТОРДУК СААТ: “АДАМ САТУУГА ЖОЛ ЖОК”

КУРАТОРДУК СААТ: “АДАМ САТУУГА ЖОЛ ЖОК”
 Dec 13, 2023  189

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын №430- катына ылайык «Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн 100 күндүгү” жөнүндөгү буйругун аткаруу максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 2023-жылдын 5-декабрында Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедарсынын Т-1-23 тайпасынын куратору Н.С. Алдозова 1-курстарга “Адам сатууга жол жок” темасында куратордук саат өткөрдү. Адам сатууга алып баруунун  себептерин жыйынтыгында маселе жараткан чөйрөлөр, факторлорун, коомго тийгизген терс таасири тууралуу айтып берип, ар бир жаранды адам сатууга каршы күрөшүүсүнө үндөдү.

Куратордук сааттын максаты-студенттердин "Адамдарды сатуу" түшүнүгү жөнүндө билим деңгээлин жогорулатуу, аларды адамдарды сатуу кубулушун комплекстүү көйгөй катары кабыл алууга даярдоо, жарандардын адамдарды сатуу тармагына кирүүсүнүн негизги жолдору менен тааныштыруу, стихиялуу сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү, патриоттук сезимин калыптандыруу болуп саналат. Тарбиялык саат студенттер тарабынан кызуу талкууланып, коомдогу жат көрүнуштөрдү болтурбоо аракетин жасоо талапка ылайык экендигин баса белгилешти.

  • КУРАТОРДУК СААТ: “АДАМ САТУУГА ЖОЛ ЖОК”
  • КУРАТОРДУК СААТ: “АДАМ САТУУГА ЖОЛ ЖОК”
  • КУРАТОРДУК СААТ: “АДАМ САТУУГА ЖОЛ ЖОК”
  • КУРАТОРДУК СААТ: “АДАМ САТУУГА ЖОЛ ЖОК”