AVN







ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
 Apr 16, 2018  768

ЖАМУнун Филология  факультетинин  “Кыргыз тили” кафедрасынан 9 студенти 14-апрелде Ош гуманитардык педагогикалык институтунда өткөрүлгөн студенттердин ЖОЖдор аралык VII аймактык олимпиадасына кыргыз тили жанан адабияты предметтери боюнча катышты. Бул тууралуу кафедра башчысы Бакирова Гүлжан билдирди.

(Кыргыз тили жана адабияты) боюнча 1-орун:

Бахтияр кызы Толгонай - Кт – 1-15 тайпасы;

(жетекчиси доцент, фил.и.к. Г. Бакирова)

(Кыргыз тили жана адабияты) боюнча 2-орун:

Тууганбай кызы Лира – Кт – 1-15 тайпасы;

(кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын                   улуу окутуучусу А.Шерипбаев.)

(Кыргыз тили предмети боюнча баштоочу тайпа) боюнча 3-орун:

Якубжанова Муниса – Пк – 1-17 тайпасы;

(жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын улуу окутуучусу Р. Келдибаева)

Ал эми аталган олимпиадага “Кыргыз тили” кафедрасынан кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча 3 студент, кыргыз тили боюнча баштоочу тайпадан 3 студент, улантуучу тайпадан 3 студент катышкан.

  • ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ