AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Dec 13, 2023  177

9- декабрда  Б.Осмонов атындыга ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында  4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна, кафедранын башчысынын м.а. Бекиева Нуркан Калмаматовна жана кафедранын окутуучулары катышышты .                                                                                                                

Отчет учурунда студенттер практиканын ийгиликтери менен катар методикалык айрым көйгөйлөргө токтолушту. Сабактардан өзүлөрүнүн жасаган иш-аракеттери боюнча  свод-анализ жүргүзүштү жана отчетторун слайд аркылуу көрсөтө алышты.

Жыйынтыктоочу конференция жогорку денгээлде уюштурулуп, абдан кызыктуу кызуу талкуулар жана суроо-жооптор менен өткөрүлдү. Акырында немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысынын м.а. Н. Бекиева студенттердеги практиканы өтөөдөгү жандануунун бар экенин баса белгилеп, практиканын жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ