AVN







МЕКТЕП МЕНЕН ЖОЖДУН БАЙЛАНЫШЫ ЖАНДАНУУДА

МЕКТЕП МЕНЕН ЖОЖДУН БАЙЛАНЫШЫ ЖАНДАНУУДА
 Dec 13, 2023  231

Аккредитациянын талабына жана НББПда белгиленген талаптарга ылайык Б.Осмонов атындагы   Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы жана педагогика адистигинин студенттери жалпы билим берүүчү мектеп-мекемелери менен ар тараптуу кызматташтыкта иш жүргүзүп келет. Жалал-Абад шаарындагы №21 Ж.Болотов атындагы мектебиндеги мектептин ашканасынын ачылышына да ППОТ кафедрасынын мүчөлөрү - доцент К.М. Ураимов жана улуу окутуучу А.К. Шишкараевалар барып катышып келишти. Аталган мектеп менен ПП жана ОТ кафедрасы бир топ жылдардан бери өндүрүштүк практика жаатында тыгыз кызматташып келишет.

         Мектеп директору Ж.Б. Кебекованын билдирүүсүнө караганда ашкана үчүн жалпы жонунан 12500 млн сом акча каражаты сарпталган. Ашкананын курулушу жергиликтүү бюджеттен МЕРСИ-КО уюму жана ата-энелердин демөөрчүлүгү менен ишке ашкан. Бул мектеп-мекемесинде ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү, магистрлер эмгектенип келишет. Бул мектепте ППОТ кафедрасынын практика боюнча базасы уюштурулган. Анда атайын иш алып баруу үчүн бардык шарттар каралган.  Практика учурунда мектеп менен педагогикалык кызматташтык кызуу ишке ашат.

  • МЕКТЕП МЕНЕН ЖОЖДУН БАЙЛАНЫШЫ ЖАНДАНУУДА
  • МЕКТЕП МЕНЕН ЖОЖДУН БАЙЛАНЫШЫ ЖАНДАНУУДА