AVN







КЭР, СИНЬЦЗЯН АГРАРДЫК ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

КЭР, СИНЬЦЗЯН АГРАРДЫК ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК  ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ
 Dec 13, 2023  226

ЖАМУ менен Синьцзян агрардык профессионалдык-техникалык институтунун ортосунда түзүлгөн келишимдерге кошумча багыттар киргизилди.  Жолугушуу КЭРдин САПТИнин ректору Ян Гуйцюань баш болгон жетекчилер менен ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов баш болгон делагациянын  ортосунда болду. Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу, айрыкча,  айыл чарба, мал чарбачылыгы, ветеринария, үрөнчүлүк багыттагы адистиктерди ачуу, колдоо, тажрыйба алмашуу, спорттук беттешүүлөр, маданий байланыштар, биргелешип илимий иштерди жүргүзүү маселелерин күчөтүү жолдору сүйлөшүлдү. КЭРдин  Үрүмчү шаарында жайгашкан бул окуу жай өзүнүн мал чарбачылыкка жана үрөнчүлүккө багытындагы алдыңкы тажрыйбасы,   акыркы үлгүдөгү материалдык- техникалык жабдуулары,  окутуудагы жаңы технологиясы менен өзөчөлөнүп турат.  Мындагы заманбап лабораторияларда практикалык иштер, эксперименттер жогорку деңгээлде уюштурулган. К.Усенов мындай лабораторияларда жүргүзүлгөн иштер, акыркы үлгүдөгү  материалдык-техникалык жабдуулар, илимий изилдөөлөр, алардын натыйжалары менен кызыгып, жеринен таанышты.

    Жолугушуунун күн тартибине эки окуу жайдын окутуучуларынын, студенттеринин академиялык мобилдүүлүгү, биргеликте эки дипломдуу адистерди даярдоо, келечекте илим изилдөө борборун куруу маселелери коюлду. Бул багыттагы келишим эки окуу жай үчүн да маанилүү экендиги баса белгиленди.

Синьцзян институтунун тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Лю Дай, ЖАМУнун Конфуций институтунун директору М.Шакирова студенттердин алмашып окуусунда тил үйрөнүү маанилүү экендигин, бул маселеде максаттуу иш алып баруу боюнча сүйлөшүштү.

    Эске салсак, буга чейинки Синьцзян университети менен ЖАМУнун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 2018-жылы  аталган окуу жайдан студенттер келишип, ЖАМУдан орус тилин үйрөнүп кетишкен.

  • КЭР, СИНЬЦЗЯН АГРАРДЫК ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК  ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ
  • КЭР, СИНЬЦЗЯН АГРАРДЫК ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК  ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ
  • КЭР, СИНЬЦЗЯН АГРАРДЫК ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК  ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ