AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Dec 12, 2023  247

2023-жылдын 9-декабрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-20 тайпасынын кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы: З.Калыбекова, кафедрадан бөлүнгөн усулчулар, практика боюнча жооптуу: Кудайкулова Г. О. жана студенттер катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө практика тууралуу усулчулар тарабынан түрдүү пикирлер, сунуштар айтылды жана студенттер  бөлүнгөн мекемелеринде аткарган  окуу-тарбиялык иштери жөнүндө сүйлөп беришти. Мындан сырткары, практикант- студенттер жыйын учурунда көргөзмөлүү, сахналаштырылган ачык сабактарынан кыскача өтүп беришти. Айрымдары он бир жума аралыгында аткарган иштери боюнча видео-слайд даярдап, илимий-иштери боюнча да баяндама жасашты. Сөз аягында студенттер практиканын кийинки жылы иш алып баруусуна чоң өбөлгө экенин белгилеп,  окутуучулар жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ