AVN







УЛУТУМ - КЫРГЫЗ, УРААНЫМ - МАНАС!

УЛУТУМ - КЫРГЫЗ, УРААНЫМ  - МАНАС!
 Dec 12, 2023  178

Алдыңкы тажрыйба борбору  Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын кыргыз тили секциясынын окутуучулары   Манас күнүнө  жана залкар жазуучу  Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган айлык жүрүштө  бекитилген график боюнча Манас таануу интеллектуалдык таймашын өткөрүштү. Таймаш 2 тур боюнча өттү.

1-турда 3 тапшырма аткарылды:

  • Манас эпосу боюнча суроолор
  • Сүрөттөр сүйлөйт (Сүрөттөр менен иштөө)
  • Ким тез табат? (Күтүлбөгөн суроолорго тез жана ыкчам жооп берүү)

2-турда Манас айтуучулардын таймашы. (Манас айтуу боюнча өз таланттарын көрсөтүп, күч сынашты.)

Жыйынтыгында, студенттер көптөгөн кызыктуу маалыматтарга ээ болушту, Манас эпосун тереңдеп окуп чыгууну, даназалоону колго алышарын айтышты. Эң мыкты катышкан тайпалар жана студенттер  1,2,3-даражадагы дипломдор, грамоталар менен сыйланды.

  • УЛУТУМ - КЫРГЫЗ, УРААНЫМ  - МАНАС!
  • УЛУТУМ - КЫРГЫЗ, УРААНЫМ  - МАНАС!
  • УЛУТУМ - КЫРГЫЗ, УРААНЫМ  - МАНАС!